Зордуктоого жана 16 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык мунөздөгү аракеттерди жасагандарга жазаны жеңилдетүүнү сунуштаган депутат, Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча петицияга кол койгондордун саны 29 миңден ашты.
Абдибаева 8-чакырылышынын депутаты 15-округдан шайланган. Ал 3988 добуш алган. Бул шайлоодо эжеси Салтанат Абдибаева экөө атандаш болгон.
Айсаракан Абдибаева Жогорку кеңештин 7-чакырылышында да “Ишеним” партиясы менен депутат болуп шайланган.




