7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди

5

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү курулуш объектисинде аймакты калыбына келтирүү иштери аткарылды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталып, компанияга 200 миң сом айып пул салынып, курулуш токтотулган. Кийинки текшерүүдө тротуардын бузулгандыгы аныкталып, дагы 200 миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, Курулуш министрлигинин атайын комиссиясынын чечими менен “Алтын Строй Групп” ЖЧКсынын лицензиясы токтотулуп, компания кара тизмеге киргизилген. Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Бирок курулушту токтотуу боюнча берилген талаптарга карабастан, компания ишин уланта берген.

Мындан улам, 28-сентябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев объектти жеринен текшерип, компанияга бир жуманын ичинде аймакты мурдагы абалына келтирүүнү тапшырган.

Натыйжада, казылган котлован толугу менен жабылып, аймакты калыбына келтирүү боюнча тапшырмасы аткарылды.

6