7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Нарында инновациялык-креативдик борборду ачты

12

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарындагы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрү менен таанышты. Имаратта китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан.

Садыр Жапаров бул борбор маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын канааттануу менен белгиледи.

Белгиленгендей, борбордун ишмердүүлүгү шаардын тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоого багытталат.

Иш-чаранын катышуучулары менен кыскача саламдашуу сөзүнөн кийин Садыр Жапаров символдук түрдө боону чечип, борбордун расмий ачылышын белгиледи.

Шаар тургундары жана маданият тармагынын өкүлдөрү жаңы заманбап борбордун түзүлүшүнө байланыштуу Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.

13