Өлкө башчысы Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бугүнкү туулган күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүү учурунда лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти.
Садыр Жапаров Россия тарапка ШКУ иш-чараларына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүнүн соңунда алар мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, тыгыз байланышты уланта турганын айтышты.



