7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Нарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборун көрүп чыкты

270

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарында курулуп жаткан балдар оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы борбордо балдар жана алардын ата-энелери үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, ошондой эле оюн жана эс алуу залдарын, оюн аянтчаларын жана объекттин башка бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Заманбап эки кабаттуу борбор аянты 6 600 чарчы метр болгон жер тилкесине курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Объект ата-энелери менен бирге бир учурда 350гө жакын баланын болушуна ылайыкталган.

Садыр Жапаров шаарда балдардын кызыктуу эс алуусу жана үй-бүлөлүк убакытты бирге өткөрүүсү үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы борбор балдардын чыгармачылык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу Нарын шаарынын социалдык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, президент калкка зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн курулган жаңы муниципалдык борбордук мончонун ишмердүүлүгү менен таанышты. Комплексте ошондой эле тренажер залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн жана башка инфраструктуралык объектилер каралган.

271