7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Нарында курулуп жаткан аскер шаарчасына барды

3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда чек ара кызматынын «Тайлак баатыр» атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жаңы аскер шаарчасын куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына долбоор, анын негизги объектилери жана түзүлүп жаткан инфраструктура тууралуу маалымат берилди.

Жаңы аскер шаарчасы Нарында аянты 13,4 га болгон жер тилкесине курулууда. Курулуш иштери 2026-жылдын I чейрегинде башталган, иштерди 2027-жылдын III чейрегинде аяктоо пландалууда.

Бул аскер шаарчасында аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн, жашоосун жана турмуш-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объектилердин кеңири комплекси каралган. Атап айтканда, штаб, казарма, кароол кызматтарынын объектилери, окуу классы жана башка имараттар курулат.

Ошондой эле аскер шаарчасынын аймагында 60 орундуу бала бакча, балдар оюн аянтчасы, спорттук шаарча жана футбол талаасы, конок үйү каралган.

Долбоорду ишке ашыруу аскер кызматкерлерин кызматты аткаруу, жашоо-тиричилик жактан камсыздоо үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, ошондой эле Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.

Мамлекет башчысы курулуп жаткан объектилердин сапатына, аймакты көрктөндүрүүгө жана аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат өтөө жана жашоо үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

4