7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абоненттердин эсине: Газга карызыңар болсо төлөгүлө!

12

«Газпром Кыргызстан» компаниясы жылытуу мезгили башталар алдында абоненттерди газ үчүн карызын текшерип, төлөөгө чакырды.

Маалыматка караганда, керектелген жаратылыш газынын акысын эсептик айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөө керек.

«Карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин газ менен камсыздоону кайра жандандыруу үч жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Коопсуздук талаптарын сактоо үчүн газды кайра кошуу компаниянын адистеринин катышуусунда жүргүзүлөт. Жылытуу мезгили башталганда техникалык кызматтарга түшкөн жүк кескин көбөйөт. Бул газды кайра коштурууга кезектердин пайда болушуна алып келиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Карыздын бар-жогун төмөнкү жолдор аркылуу текшерсе болот:

  • «Мой газ» мобилдик тиркемесинен;
  • gazprom.kg расмий сайтындагы жеке кабинеттен;
  • ай сайын берилүүчү квитанциядан;
  • «Мой дом» мобилдик тиркемесинен;
  • 4444 маалымат кызматынын телефону аркылуу.

Төлөмдү «Мой газ», «Мой дом» тиркемелери, банктардын, анын ичинде BAKAI жана MBank мобилдик тиркемелери аркылуу, ошондой эле абоненттерди тейлөө кеңселеринен төлөөгө болот.

13