7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышы текшерилет

19

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн сатылышын иликтөө максатында атайын убактылуу комиссия түзүлдү.

Депутаттардын демилгеси энергетикалык суусундуктардын курамын, сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аларды жаштар арасында сатуу эрежелеринин сакталышын талдоого багытталган. Мындан тышкары, адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон айрым азык-түлүктөрдүн сатылышы да комиссиянын иликтөөсүнө кирет.

Убактылуу комиссия түзүү сунушун «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу көтөргөн.

Комиссиянын курамына Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков жана Алишер Козуев кирди.

Энергетикалык суусундуктарды сатууга кошумча чектөө киргизүү маселеси Кыргызстанда буга чейин да бир нече ирет талкууланган. Айрыкча алардын жашы жете элек балдарга сатылышы коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

2023-жылы президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага чейин курамында кофеин жана башка сергитүүчү заттар бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө акциздик салык киргизилген.

Кыргызстандын мыйзамдарында организмге сергитүүчү таасир берүүчү кофеин жана башка стимулдаштыруучу кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундуктар деп аныкталат.

Мыйзамдагы талапка ылайык, энергетикалык суусундуктарды 18 жашка чыга элек жарандарга сатууга жол берилбейт. Жаңы түзүлгөн депутаттык комиссия бул талаптын иш жүзүндө канчалык деңгээлде аткарылып жатканын да карап чыгат.

20