7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Экономика, соода жана байланыш боюнча алаканы бекемдейли!

14

Президент Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын жыйында сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөрдүн мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттарына токтолду.

Мамлекет башчы өнөр жай кооперациясына өзгөчө көңүл буруп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү жана логистика тармактарында өз ара пайдалуу конкреттүү долбоорлорду аныктоону, анда катышуучуларды, каржылоо булактарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүүнү сунуштады.

Өзүнчө багыт катары президент электрондук сооданы өнүктүрүүнү белгиледи. Практикалык кадам катары бизнес өкүлдөрүнүн жана керектөөчүлөрдүн аймактык продукцияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү жана аны илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шарттаган Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын түзүү сунушталды.

Садыр Жапаров белгилегендей, электрондук сооданы өнүктүрүү жеткирүү, кампада сактоо, бажылык тариздөө жана товарларга көз салууну камтыган тиешелүү логистикалык инфраструктураны түзүү менен коштолууга тийиш. Кыргыз тарап бул демилгени ишке ашыруу үчүн жогорку технологиялар паркынын адистеринин потенциалын пайдаланууга даяр.

Транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, президент экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу түздөн-түз аймактын транспорттук байланышынын ишенимдүүлүгүнө, ташуулардын наркына жана транзиттик шарттардын болжолдуулугуна көз каранды экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл буруп, ал аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык транспорттук жана өндүрүштүк байланыштарга кошулуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

«Биздин багытыбыз өлчөнө турган натыйжалар болушу керек: жеткирүү наркын төмөндөтүү жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартуу. Ошол эле учурда ар бир өлкө аймактык транспорттук долбоорлорго толук кандуу катышууга жана алардан экономикалык пайда алууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Андан ары Садыр Жапаров мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, алар аймактагы өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсү менен ажырагыс байланышта экенин айтты.

«Жаратылыш ресурстарын үнөмдөө, аларды сарамжалдуу пайдалануу жана бул багытта инновацияларды колдонуу туруктуу өнүгүү жана келечек муундар үчүн зарыл», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент жалпы туристтик мейкиндикти түзүү элдердин жакындашуусу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр бири-бирин толуктаган туристтик потенциалга ээ. Тарыхый шаарлар, тоолуу жана Каспий жээгиндеги каттамдар, бай маданий мурас Борбордук Азияны жана Азербайжанды саякаттоо үчүн жагымдуу багыт катары илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров жана «бир саякат – бир нече өлкө» принциби боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого жана аймак элдеринин туруктуу экономикалык өсүшүн жана бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга даяр экендигин айтты.

15