7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматы алдамчылардан сак болууга чакырат

14

Интернетте тарап жаткан бажы кампаларынан тиричилик жана электрондук техникаларды сатуу тууралуу видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт.  Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы эскертет.

Эскерте кетсек, бажы органдары товарларды сатуу менен алектенбейт.

Алдамчылар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлерде бажы кызматынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана кызмат орундарын колдонуу менен жасалма аккаунттарды түзүшүүдө.

Алардын атынан жарандардын ишенимине кирүүгө жана аларды мыйзамсыз талаптарды аткарууга же акча каражаттарын которууга түрткөн жалган билдирүүлөр жана жарыялар таратылууда.

Бажы кызматы жарандарды сак болууга, шектүү аккаунттарга, каналдарга жана топторго ишенбөөгө, жеке жана банктык маалыматтарын бербөөгө жана маалыматтарды расмий булактардан гана текшерүүгө чакырат.

15