Бишкек шаарында 10-октябрда айрым көчөлөрдө автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдады.
Мындай чара Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан майрамдык иш-чараларга байланыштуу кабыл алынууда.
Чектөө төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде колдонулат:
Чүй кең көчөсү — Эркиндик бульвары;
Чүй кең көчөсү — Панфилов көчөсү;
Панфилов көчөсү — Пушкин көчөсү;
Панфилов көчөсү — Абдумомунов көчөсү;
Фрунзе көчөсү — Орозбеков көчөсү;
Фрунзе көчөсү — Раззаков көчөсү;
Эркиндик бульвары — Абдумомунов көчөсү.
Кайгуул кызматы шаар тургундарына жана айдоочуларга жолдогу убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарын алдын ала уюштурууну сунуштады. Ошондой эле унаа тыгынына кабылбоо үчүн башка каттамдарды тандап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырды.



