Ысык-Көлдүн Түп районунда топурак басып калып, эки жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди. Маалыматка караганда, дагы бир киши реанимацияда.
33 жаштагы эки жигит канализациянын траншеясын казып жаткан учурда топурак урап түшкөн. Аларга 58 жаштагы жергиликтүү тургун жардам берип жатканда топурак кайрадан ураган.
Жыйынтыгында эки жигит каза болуп, жардам көрсөткөн кишинин омурткасы сынып ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.



