7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркмөнстандагы КМШ лидерлеринин саммитине катышууда

3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Авазада өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду тосуп алды. Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү.

Аземге ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан катышты.

Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

 

4