7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уркаш Мамбеталиевдин эмгеги айкел аркылуу даңазаланат

9

13-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Уркаш Мамбеталиевдин кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууга кошкон эмгеги белгиленет. Ошондой эле манасчынын чыгармачылык жолу жана артында калтырган мурасы эскерилет.

Айкелдин орнотулушу манасчынын кыргыз маданиятындагы эмгегин кийинки муундарга таанытуу, манасчылык өнөрдүн баалуулугун даңазалоо жана залкар инсандын чыгармачылык мурасына болгон урматты арттыруу максатын көздөйт.

Салтанатка маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана шаар тургундары катышары күтүлүүдө.

 

10