7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Авазада КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды

7

Президент Садыр Жапаров 8-октябрда, Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды.

Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен бирге Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышты.

Лидерлерге Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын даамдары, улуттук кийимдери жана музыкалык чыгармалары тартууланды.

8