Түндүк-Чыгыш бажысынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы инспектор Д.М. жарыктандыруу мамыларын кара металл катары өткөргөн. Ошондой эле жүктү бажылык тариздөө учурунда туура эмес код колдонгон.
Анын кесепетинен бюджетке бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



