Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы «Падыша Халид» атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 12-октябрда билдирди.
Ишемби күнү хуситтер Эр-Рияддагы аба майданга чабуул жасаган. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алган.
ТИМ аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерге төмөнкүлөрдү сунуштады:
- жеке коопсуздук чараларын көрүүнү;
- жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну;
- авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону;
- кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан алыс болууну.



