7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эр-Риядда аэропорттогу соккуда жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок

10

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы «Падыша Халид» атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 12-октябрда билдирди.

Ишемби күнү хуситтер Эр-Рияддагы аба майданга чабуул жасаган. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алган.

ТИМ аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерге төмөнкүлөрдү сунуштады:

  • жеке коопсуздук чараларын көрүүнү;
  • жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну;
  • авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону;
  • кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан алыс болууну.

 

11