Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды.
Өлкө башчы жаңы жетекчиге цирк баштан-аяк оңдоп-түзөөдөн өтүп, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө бардык шарт түзүлгөнүн айткан.
Бирок буга карабастан жамаат ичинде ызы-чуу токтобой койгонун белгилеген. Маданий жай ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болушу керектигине токтолгон.
“Ушуга байланыштуу сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынды. Ал орунга Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну, Улуттук консерваторияны режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүргөн.
Президент жаңы жетекчини колдоп, жамаат ичинде эмгек тартибин чыңдоону тапшырды.



