Кыргызстан боюнча 14-октябрга карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түндө +4…+9
күндүз +18…+23
Суусамыр өрөөнү
түндө -2…+3
күндүз +9…+14
Талас өрөөнү
түндө +3…+8
күндүз +17…+22
Баткен облусу (дыйканчылык аймактары)
түндө +8…+13
күндүз +18…+23
Ош, Жалал-Абад облустары (өрөөндөр)
түндө +9…+14
күндүз +19…+24
Ысык-Көл облусу (дыйканчылык аймактары)
түндө +1…+6
күндүз +13…+18
Нарын облусу (дыйканчылык аймактары)
түндө +1…+6
күндүз +14…+19
Бийик тоолуу райондор
түндө -4…-9
күндүз 0…+5
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн абанын температурасы +7…+9°, күндүзгү температура +21…+23° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн абанын температурасы +4…+6°, күндүзгү температура +15…+17° жылуу болот.



