Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Шакиранын командасы ырчыга гүл бербөөнү сурангандыктан, атайын даярдалган букет тапшырылбай калган.
Көпчүлүк “Шакиранын гүлүн мага бериңизчи” деп кайрылгандыктан, букетти социалдык тармак аркылуу ойнотууну чечишкен.
Эми гүл “Бишкек Арена”, Шакиранын концерти же Кыргызстан тууралуу жазылган комментарийлердин арасынан эң көп лайк топтогонунун авторуна берилет.
Дайыр Орунбеков сынактын жыйынтыгы саат 20:00дө жарыяланарын билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



