7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-4-класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда

2

Өлкөдо 1–4-класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалыматка ылайык, жаңы ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тарта киргизилет.

Азыркы учурда бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сом, же окуу жылына 2520 сом бөлүнөт. Сунуш кабыл алынса, бул сумма жылына 7200 сомго жетет. Натыйжада ар бир окуучуга бөлүнгөн каражат жылына 4680 сомго көбөйөт.

Бул чечим президент Садыр Жапаровдун 10-июндагы тапшырмасын аткаруу максатында даярдалган. Анда 2027-жылга карата республикалык бюджетти түзүүдө мектеп окуучуларынын тамагына күнүнө 40 сомдон бөлүү каражатын караштыруу тапшырылган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 2 миллиард 965 миллион 907,1 миң сом талап кылынат. Бул каражатты 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга каралган бюджетте эске алуу Финансы министрлигине жүктөлөт.

Мектептердин кенже класстарындагы ар бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сомдон 2024-жылдын февралынан тарта бөлүнө баштаган. Ага чейин башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен күнүнө 7 сом бөлүнүп келген.

Өлкөдө 2374 мектеп иштесе, анын 2132 мамлекеттик, 242си менчик.

3