Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелердин өзгөчө мүнөзүн белгилеп, жетишилген макулдашууларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын июль айында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.
Милли Межлистин төрайымы эки тараптуу мамилелердин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.



