7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик ИИМ орун басарлары Лейлекте жолугушту

1265

Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын ички иштер министринин орун басары, ички кызматтын генерал-майору Иброхимзода Нозим менен Лейлек районундагы Интернациональное айылынын аймаганда жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы айылдарда абалды турукташтыруу, чек арага чектеш айылдарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алган маалда коомдук тартипти биргелешип сактоо, кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы маселелер талкууга алынды.

Анын жыйынтыгы менен жарандарынын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, абалды оң жолго коюу жаатында бардык маселелерди чечүүнү колго алуу менен бирге абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты.

Лейлек районундагы Баткен облусунун жана Согди облусунун күч структураларынын ишмердүүлүгү толугу менен Сүйүн Өмүрзаковдун жана Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин көзөмөлүндө боло тургандыгы белгиленди. Эки тарап тең тезинен бекем тартип орнотуу, ок атышууларга жол бербөө, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ушул багытта биргеликте тартипти орнотуу маселелери макулдашылды.

Учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы абалды толук турукташтыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1266