Кыргызстанда сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатуу, жарандардын укуктарын коргоо жана сот актыларынын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча реформалар улантылат.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы аймактардагы эл менен жолугушууларда коомчулукта адилеттүүлүккө байланыштуу нааразы маанай бар экенин байкаганын айтты. Анын белгилешинче, мыйзам алдында бардык жарандар тең болушу керек.
Президент сот бийлиги жеке менчиктин кол тийбестигин, инвестициялардын коопсуздугун жана ар бир жарандын укуктарын коргоого тийиш экенин баса белгиледи.
Бул багытта сот адилеттигине мыйзамсыз кийлигишүүгө каршы институционалдык тоскоолдуктар түзүлүп, коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына жана кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга каршы чаралар күчөтүлөт.
Ошондой эле электрондук сот өндүрүшү, процесстерге аралыктан катышуу, сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо жана талаштарды сотко чейин жөнгө салуу сыяктуу заманбап механизмдерди кеңири колдонуу каралууда.
Мамлекет башчысы сот чечимдеринин жылдап аткарылбай калышын адилеттүүлүккө шек келтирген көрүнүш катары баалап, бюрократиялык создуктурууларды жоюу зарылдыгын белгиледи.



