7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыймылсыз мүлккө мамлекеттик алымдар азайды

19

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүү боюнча бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы №505 токтому менен кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, накталай эмес эсептешүүдө жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго чейин азайтылды. Башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Накталай эсептешүүдө жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 10 000 сомдон 3 000 сомго, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 5 000 сомго, ал эми юридикалык жак катышкан бүтүмдөр үчүн 50 000 сомдон 10 000 сомго чейин кыскартылды.

Мындан тышкары, юридикалык жак катышкан учурда нотариалдык буйрук берүү үчүн алым өндүрүлүүчү сумманын 1 пайызын түзөт. Анын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

20