7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Кубогу -2026: «Нефтчи» менен «Мурас Юнайтед» баш байге үчүн беттешет

11

Эртең, 24-октябрда өлкөнүн Кубогунун финалында Кочкор-Атанын «Нефтчи» клубу менен Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» клубу күч сынашып, башкы трофейдин ээси аныкталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Финалдык беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Эки команда үчүн тең бул оюн сезондун маанилүү учурларынын бири болуп, Кыргызстандын Кубогун жеңип алуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болмокчу.

Иш-чаранын ачылыш аземи саат 16:00дө башталат. Ал эми финалдык беттеш саат 18:00дө старт алат.

Белгилей кетсек, футбол күйөрмандары үчүн булстадиондо жагымдуу атмосфераны сезип, сүйүктүү командаларын колдоого жана Кыргызстандын Кубогунун жаңы ээсин аныктай турган чечүүчү оюнга күбө болууга мыкты мүмкүнчүлүк болот.

12