Атайын кызмат Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү «марихуана» баңгизатын ташыган кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын билдирди.
Ал топко тиешеси бар делинип 4 кыргыз жараны кармалды.
Ошондой эле жалпы баасы 15 миллион сомдон ашкан баңгизаты алынды.
УКМК учурда бул топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иши жүруп жатканын билдирди.



