Бүгүн Ала-Бука районунун Ызар айылында «Баймак-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземи өттү.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарада чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Аземге Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматчылары, ардагерлер жана ишкерлер катышты.
Турак жайды курууга «Баймакс» холдинг компаниясынын өкүлү Уланбек Максымбеков, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер Асилбек Муратбеков, Нурмырза Сатыбалдиев, Абдихан Атаканов, Нурбек Эркинов жана Кылымкан Сулайманова салым кошту.



