Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамына ээ болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мирбек Атабеков сахнада 20 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келе жатат.
Белгилей кетсек, ырчы кечээ Казакстандын Достык ордени менен сыйланган.