Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылууга шектелип КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды.
2026-жылдын 27-октябрында Аскер прокуратурасына жаран арыз менен кайрылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери анын маселесин оңунан чечип берүү үчүн 100 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганын билдирген.
Козголгон кылмыш иштин алкагында, 60 000 сом өлчөмүндө шектүү акча алып жаткан жеринен кармалган.
Ал Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



