2026-жылдын 30-октябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, борбордун эмгек жамаатын, педагогдорун жана тарбиялануучуларын маараке менен куттуктады.
Куттуктоо сөзүндө ал «Сейтек» улуттук борбору 90 жыл аралыгында өлкөнүн кошумча билим берүү системасында өзгөчө орунду ээлеп, балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты сактоого жана жаш муундарды руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого зор салым кошуп келе жатканын белгиледи.
Мааракенин алкагында борбордун өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.
“Сейтек” улуттук борборунун тарыхы 1936-жылы Фрунзе шаарында Пионерлер үйүнүн ачылышы менен башталган. 2007-жылы борборго улуттук макам берилген. Бүгүнкү күндө борбор балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн ар түрдүү багыттарда кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүп келет.



