Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат.
Учурда курулуш аянтчасында имараттын пайдубалын тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.
Объектте аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.



