Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз улуттук тарых музейинде Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, тармактын ардагерлери жана чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана тармактын өсүшүнө салым кошкон кызматкерлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.



