Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 2027-жылы толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу транспорт департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Долбоордун алкагында көчөдө жөө жүргүнчүлөр, велосипед жана скутер сыяктуу жеке мобилдүү каражаттар үчүн өзүнчө тилкелер каралат.



