Ош шаарында түштүк айланма жолун куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Документке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, транспорт министри Талантбек Солтобаев жана «АВТОБАН» компаниясынын директору кол коюшту.
Долбоор шаардагы унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Узундугу 32 чакырым болгон автомобиль жолу, көпүрөлөр жана транспорттук түйүндөр курулат.



