Өлкөдө энергетикалык суусундуктардын зыяны тууралуу кайрылуулар көбөйгөндүктөн, аларды колдонууга каршы кескин чараларды көрүү маселеси көтөрүлдү.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы энергетикалык суусундуктарды ички керектөө 54 млн 199 миң литрди (болжол менен 129 млн банка) түзсө, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 36 млн 83 миң литрге (85 млн 900 миң банка) жеткен. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.
Медициналык эксперттер бул суусундуктарды ашыкча колдонуу адамды көз карандылыкка дуушар кылып, инфаркт, кант диабети жана бөйрөк ооруларына алып келерин эскертишет. Натыйжада жарандарды дарылоого жана операцияларга республикалык бюджеттен кеткен чыгымдар эселеп өсүүдө. Польша, Казакстан, Литва жана Латвия сыяктуу бир катар мамлекеттер жаштар арасында бул суусундуктарды сатууга чектөөлөрдү же толук тыюу салууларды киргизген.
Энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, мамлекеттик бюджет болжол менен 1,5 миллиард сомдук кирешеден кол жууса дагы, улуттун жана келечек муундун ден соолугу акчадан жогору турушу керек экени баса белгиленди.
Бул маселени чечүү үчүн Министрлер Кабинетине энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айлык мөөнөттө карап чыгуу, ал эми 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салуу тапшырылды.



