Бишкек шаарындагы бардык райондордо көмүр базалары иштеп, күз-кыш мезгилине карата жетиштүү отун запасы түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Муниципалдык кызматтар көмүрдүн баасына, жеткиликтүүлүгүнө жана запасына туруктуу көзөмөл жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, Ленин районунда 4 852 тонна, Биринчи Май районунда 472 тонна, Свердлов районунда 5 450 тонна, ал эми Октябрь районунда 650 тонна көмүр бар.



