Ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ички иштер министрлигинен билдиргендей, ал академиядагы окуу процесси, материалдык-техникалык базасы, заманбап билим берүү технологиялары жана кызматкерлерди даярдоо ыкмалары тууралуу маалымат алды.
Сапардын максаты эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууну күчөтүү жана кызматташтыкты кеңейтүү.



