Окуя Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында өткөрүлгөн рейд учурунда белгилүү болгон. Жаран пневматикалык курал менен жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталган.
Анын мыйзам бузгандыгы үчүн 10 миң сом административдик айып салынган. Мындан тышкары, мыйзамсыз атылган төрт канаттуу үчүн жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 6 миң сом доо коюлган.



