2027-жылдан тарта Кыргызстанда жыл сайын 150 айылды таза суу менен камсыздоо пландалууда.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Учурда жылына 30-40 айыл таза суу менен камсыздалып келет. Мамлекет башчы өлкөдөгү 1 миң 830дон ашык айылды таза суу жана бала бакча менен камсыздоого басым жасалаарын белгиледи.



