Ош эл аралык аэропортуна баруучу 1,5 чакырымдык жол тилкеси көрктөндүрүлөт.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, эски жарыктандыруу мамычалары жаңыланып, жашыл тилкеге декоративдүү бадалдар отургузулуп, автоматтык сугат системасы орнотулат.
Курулуш иштерине байланыштуу эртең саат 08:00дөн 18:00гө чейин аэропорт тарапка кеткен жолдун бир тарабы жабылып, каршы тилкеде эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Мэрия айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырат.



