Бүгүн, 11-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап жаткандыктан, жолдорду тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги кабарлагандай, Бишкек–Ош жолунун айрым тилкелеринде кар тазаланып, кум-туз аралашмасы себилүүдө. Учурда каттам бар.
Мындан тышкары, Өтмөк ашуусунда жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Боом капчыгайында жамгыр жаап, каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Аба ырайына байланыштуу Төө-Ашууда Сосновка постунан тартып, ал эми Суусамыр–Талас–Тараз жолунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү иштер уланууда.
Министрлик айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, жол эрежелерин сактоого чакырат.



