7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада фармацевтикалык комплекс курулууда

3

Кара-Балта шаарында 41,2 млн долларлык инвестициянын эсебинен фармацевтикалык өндүрүш комплексин куруу долбоору ишке ашырылууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, анын алкагында 300гө жакын жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоорду ишке ашырып жаткан «Стандарт Фарм Групп» ЖЧКсынын өндүрүш комплексин куруу долбоорунун жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.

Долбоор дары-дармек каражаттарын, желатин капсулаларын жана физиологиялык эритмелерди өндүрүүнү камтыйт.

Ишкананын ишке кириши ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө, медициналык продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Мониторинг учурунда долбоордун учурдагы абалы жана ишкананы мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды. Равшанбек Сабиров компаниянын жергиликтүү студенттерди окутуп, кийин аларды өндүрүшкө жумушка орноштуруу боюнча тажрыйбасын белгиледи.

Ошондой эле квалификациялуу ата мекендик адистерди даярдоонун жана жаштардын кесиптик жактан өнүгүүсүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

 

4