Абитуриенттерди кышкы кабыл алууга 20 жогорку окуу жайы катышат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Кабыл алуу жайкы кабыл алуу өнөктүгүнөн кийин бош калган акы төлөнүүчү орундарга гана жүргүзүлөт.
Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 20-22-ноябрга белгиленген. Ага 1,4 миңден ашык адам катталды.
Республикада жогорку билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында окуу жайларга жылына эки жолу кабыл алуу 2022-жылы киргизилген. Бирок кышында суроо-талап анчалык чоң эмес.
2022-жылы кышкы ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышса, 2023-жылы — 902, ал эми 2024-жылы — болгону 757 абитуриент катышкан. Алардын баары эле окууга өтүү үчүн зарыл болгон 110 баллдык босогодон өтө алышкан эмес.
2024-жылы 30га жакын ЖОЖ кышкы кабыл алуу үчүн 6,8 миң орун бөлгөн. Төрт турдун жыйынтыгы боюнча 378 абитуриент кабыл алынган.



