Бүгүн Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта, өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасы тапшырылды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, аймактардан келген саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнө унааларды тапшырды.
Жаңы унаалар чоңдорго, балдарга жана ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүчү жабдуулар менен камсыздалган.



