Кыргызгидромет 16–19-ноябрь күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, Каракол – Эңилчек жолунун 74–90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, жолдо этият болуу сунушталат.



