Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 81 миллион сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө имараттын чатыры жабылып, сырткы шыбак жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.



