Илимий кызматкерлердин кыргыз тилинде сапаттуу эмгек жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган окуу курсу башталды.
Илимдер академиясынан билдиргендей, курстун негизги максаты кыргыз тилин илимдин тили катары өнүктүрүү, академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана илимий эмгектерди мамлекеттик тилде сапаттуу даярдоого үйрөтүү.
Демилге 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Сабактар 11-декабрга чейин уланат.



