Кыргызстанда мектеп жетекчилеринин кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлерди тестирлөө башталды.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, документ тапшырган 3 748 адамдын 3 025и тестке катышууга уруксат алган.
Тестирлөө 17-ноябрдан 2-декабрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Калган талапкерлердин ичинен 149 талапкердин арызы четке кагылып, 574 адамдын документтери толуктоо үчүн кайтарылган.



